Русский / Кыргызча

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорун (ПРЭР) ишке ашырууда. ПРЭР жөнүндө кеңири маалыматты шилтемеден тапса болот.

ПРЭР мамлекеттик-жеке кызматташтык программасы аркылуу туризм жана айыл чарба тармагындагы жеке секторго колдоо көрсөтөт. Ишкерлер ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн зарыл болгон мамлекеттик инфраструктуралык объектилердин долбооруна (жол, суу менен камсыздоо жана канализация, электр энергиясы, телекоммуникациялар, жана башкалар.) инвестор тарабынан каржылануучу инвестициялык долбоорорду сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет. Коомдук инфраструктура объектилерин сатып алуу, куруу, оңдоо АРИСтин финансылык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Мындай объекттер муниципалдык менчик объектилер статусуна ээ болууга тийиш, ошондуктан инвестициялык долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашууга тийиш.

Мамлекеттик-жеке кызматташтык программасын ишке ашыруу эрежелери жөнүндө маалымат:

Инфраструктуралык кызмат көрсөтүү түрүндөгү колдоо көрсөтүүгө арыз берүүчү болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен бирге инвестициялык долбоорду иштеп чыккан ишкер эсептелет. АРИСтин каржылоосу тиешелүү долбоорго күтүлгөн инвестициянын жалпы көлөмүнүн ¼ бөлүгүнөн ашпайт.

Конкурстук тандоого aris.kg сайтында көрсөтүлгөн жана анкетаны толтуруу талаптарына жооп берген арыздар катыша алат.

Долбоорлорду тандоо Мамлекеттик-жеке кызматташтык комитети тарабынан төмөнкү критерийлердин негизинде жүргүзүлөт:

  1)   Акыркы эки жылдагы орточо жылдык жүгүртүү (АКШ доллары менен)

  2)   Жеке менчик инвестициялардын жана АРИСтен сураган инвестициянын катышы

  3)   Иш жүзүндөгү жылдык кирешенин жана сураган инвестициянын катышы

  4)   Түзүлгөн жумушчу орундардын саны

Конкурстун жыйынтыгы боюнча АРИСтин, ЖӨБ органынын жана жеке өнөктөштүн катышуусу менен үч тараптуу келишим түзүлөт.

Жеңүүчү долбоордун алкагында товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча сатып алуулар АРИС тарабынан ишке ашырылат. Сатып алынган объект тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчигине өткөрүлүп берилет.

Мамлекеттик-жеке кызматташтык программасына катышуу боюнча толук маалымат ПРЭР долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө берилет.

Эгерде арыз берүүчү долбоорду тандоодо же кабыл алууда тиешелүү жол-жоболор бузулду деп эсептесе, анда ал АРИСке, же Мамлекеттик-жеке кызматташтык комитетине даттанууга укуктуу.

Ишкерлер ШИЛТЕМЕ аркылуу өзүнүн шарттар менен макулдугун ырастып, арыз толтуруп Программага катыша алышат.

МЖК программасына катышуунун шарттары же арызды толтуруу боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү байланыштар аркылуу кайрылсаңыз болот:

Электрондук почта: anadyrbekov@aris.kg, ppc@aris.kg

Тел: 0772 16 22 11

WhatsApp: 0772 16 22 11


Өтүнүч толтурууда техникалык мүчүлүштүктөр жаралса webadmin@aris.kg дарегине кайрылыңыз.